Садыр Жапаров «Бишкек Арена» стадионуна барды  

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, курулуп жаткан “Бишкек Арена”көп функционалдуу спорт комплексине барып, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө объектте курулуш-монтаждоо жана жасалгалоо иштери улантылууда, инженердик системалар орнотулуп, айлана-тегереги көрктөндүрүлүүдө.

 Садыр Жапаров кыдыруу учурунда стадиондун ички бөлмөлөрүн көрүп чыгып, унаа токтотуучу жайдын жана коммерциялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. 

Мамлекет башчы “Бишкек Аренанын” курулушу өлкөнүн спорттук инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүдө жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. 

Президент курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылууну жана долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 

Ушуга байланыштуу ал стадиондун аймагынын бир бөлүгүнө соода жана тейлөө объектилерин жайгаштыруунун максатка ылайыктуу экенин айтты.

51 миң көрүүчүгө ылайыкталган «Бишкек арена» стадиону Кыргызстандагы эң чоң футбол аренасы болуп калат.

Объект FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп жатат, бул өлкөдө ири эл аралык беттештерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.

Садыр Жапаров "Бишкек Арена" стадионуна барды  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты