Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлдөрү Баткенге гуманитардык жардам жеткирди

  • 2 года мурун

Бириккен демократиялык кыймылдын атынан баткендиктер үчүн дары-дармек, памперс жана гигиеналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардам бөлүндү. 

Бириккен демократиялык кыймылдын өкүлдөрү У.Маматаев менен П.Суранова бүгүн Баткен шаарында болуп, гуманитардык жардамды өткөрүп, жергиликтүү эл менен жолугушуп, жеринде абал, муктаждыктары менен таанышат.  Кадамжай районуна учурда 6000ден ашык адам жайгаштырылган гигиеналык каражаттар, памперстер жана жылуу кийимдер берилет. 

Гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү жабырлануучулар үчүн медициналык буюмдар түрүндө Баткен облустук ооруканасына өткөрүлүп берилет.

«Ушундай кыйын мезгилде баарыбыз биригип, Баткенди колдошубуз керек.  БДК зарыл болгон учурда жардам көрсөтүүнү улантат» дешет БДК өкүлдөрү.

Чек арадагы жаңжалдан улам Баткен облусунан 17-сентябрь саат 12 ге карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы –ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрда саат 8:00 гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон, турукташуу тенденциясы бар экенин, чек ара аймагында түн тынч өткөнүн кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты