Бир жашар Аслан 2 млн доллар турган «Золгенсма» дарысын алганы кабарланды

  • 1 месяц мурун

Омуртка булчуңдарынын атрофиясы дартынан жабыркаган бир жашар Аслан Кенжебеков дартка даба болот деген эң кымбат “Золгенсма” дарысын кыргыз эли чогулткан кайрымлуулук каражатына алганын анын атасы социалдык тармакта билдирди.

“Бүгүнкү күн — биз үчүн өзгөчө күн. Аллахым насип этип, берекелүү кыргыз элимдин эбегейсиз берешендиги менен 05.06.2025 “Золгенсма» дарысын алып жаткан учурубуз. Сиздерге ыраазычылыгыбызды кандай билдиришибизди билбей турабыз. Аслан уулубузга жаңы дем тартууладыныздар. Аслан келечекте элине, жерине кызмат кылган балдардан болушуна болгон күчүбүздү жумшайбыз” деп жазды анын атасы.

Ага “Золгенсма” дарысы Дубай шаарынан жасалды.

Омуртка булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруп калган Аруузатка “Золгенсма” аттуу дары кайрымдуулук каражатына сайылган. Анын бир ампуласынын баасы 2 миллион доллардан ашык турат. Аруузаттын апасы Инстаграмм баракчасына, ал дары дарттын өрчүшүн токтоткондугун билдирди.

Учурда СМА (спинальная мышечная атрофия), омуртка булчуңдарынын атрофиясы дарты менен ооруган Хамза, Аслан, Байхан аттуу балдарга кайрымдуулук каражаты чогултулуп, аталган дарыны алуу алдында турат.

Сүрөттө: Аслан Кенжебеков. Атасынын Инстаграмм баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты