МинКаб төрагасы кыргызстандыктар үчүн БАЭге визасыз режим киргизүүнү сунуштады

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубай шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министрдин орун басары, шейх Мансур бин Заед Аль Нахайян менен жолугушту.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, МинКаб төрагасы кийинки жылдары Кыргыз Республикасы менен  Бириккен Араб Эмираттарынын кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгиледи.

Бириккен Араб Эмираттары Жакынкы Чыгыштагы соода өнөктөштөрдүн арасынан маанилүү орунда тургандыгын айтты. 2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 150 млн АКШ долларына жеткен. Экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Бишкекте ушул жылы кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйыны өтөт.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан жарандары үчүн БАЭге визасыз режим киргизүү сунушун келтирди.  Бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошмокчу.

Ошондой эле Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү менен Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн 2026-жылдын апрель айында өтө турган жыйынына Эмират тарапты чакырды.

Өз кезегинде Мансур бин Заед Аль Нахайян эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгын белгилеп, аны мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты.  

Жолугушуу учурунда өзгөчө көңүл соода-экономикалык байланыштарга, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.  

Бул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы  Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан дүйнөлүк өкмөттөр  саммитинин ачылыш аземине катышууда.

Сүрөт: gov.kg          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты