Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына барды
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге жумуш сапары менен барды.
Мурда айтылгандай, МинКаб төрагасы дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышып, БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, “Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн “Ак илбирс” модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү




