Касымалиев БАЭде “Epos” маркасы менен Кыргызстандын жарандары ачкан бөтөлкөдө суу чыгарган заводго барды
- 6 дней мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарында “Epos Water Production LLC” заводуна барды. Завод Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан ачылган.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.
МинКаб төрагасы компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш жайларын жана технология линияларын көрүп чыкты.
Компания бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну жана суусундуктарды чыгарат. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Завод суу куюуда заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган.
Жолугушууда сууну тазалоо жана ичүүчү суу өндүрүү тармагында алдыңкы технологияларды колдонуу маселелери, мүмкүн болуучу кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун келечеги талкууланды.
Белгилей кетсек, бул компания Кыргызстанда “Crystal” деген бренд менен бөтөлкөдө суу чыгарат.
Бул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Сүрөт: gov.kg




