Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча экөө талапкерликтен баш тартты

  • 2 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 13-ноябрда өткөн жыйналышында №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊеш депутаттыгына талапкер Азамат Мелисовдун жана №25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Эмил Чакибаевдин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыкты. Алардын арыздары канааттандырылды.

 Мелисовдун жана Чакибаевдин арыздарынын негизинде каттоону жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу чечимин кабыл алды.

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан 321 талапкер катталган. Буга чейин алардын 21и талапкерликтен баш тарткан. Эми дагы экөө баш тартып, 298 талапкер калды.  

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты