Бир мандаттуу округдардан шайлоого 300 талапкер катышат. 21и баш тартты

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 321 талапкерди каттаган. Анын ичинде 21 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, төмөнкү талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартты:

  1. Бердалиев Бакыт, №12 Өзгөн  шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер;
  2. Ибраимов Санжар  №11 Алай шайлоо округу;
  3. Мамбеткулов Максатбек  №13 Москва шайлоо округу;
  4. Исаев Канатбек №31 Чүй-Кемин шайлоо округу;
  5. Галдыбаев Жаманкул №11 Алай шайлоо округу;
  6. Каримбеков Абдисаит, №11 Алай шайлоо округу;
  7. Алыбаев Айбек Токтогул шайлоо округу;
  8. Кыдыралиев Бакыт №21 Талас шайлоо округу;
  9. Алтыбаева Айнуру Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Ошентип, 2021-жылдын 11-ноябрына карата 300 талапкер шайлоого катышат.

Облустар  боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

•        Баткен облусу – 37  талапкер,

•        Ош облусу – 50  талапкер,

•        Жалал-Абад облусу – 45  талапкер,

•        Талас облусу – 13  талапкер,

•        Чүй облусу – 60 талапкер,

•        Бишкек ш. – 27  талапкер,

•        Нарын облусу – 28  талапкер,

•        Ысык-Көл облусу – 39 талапкер.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты