Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча бюллетендеги талапкерлер кезегин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт

  • 2 года мурун

8-февралда  Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин арасында шайлоо бюллетениндеги талапкерлердин кезегин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт.

Бул тууралуу Борбордун шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүчүкулакка талапкерлер, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катыша алышат.

Чүчүкулак кармоо убактысы кошумча маалымдалат.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Жогорку Кеңеш депутаттарын кайталап шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитет.

Маалымат үчүн: Шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт.

2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты