Бир мандаттуу эки округдагы кайра шайлоонун үгүт иштери башталды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоонун үгүт иштери бүгүн, 7-февралда башталганын билдирди.  Үгүт иштери 26-февралга чейин созулат.

Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, алардын ичинен 53 талапкер катталды.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты