Бир мандаттуу эки округдагы кайра шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат   

  • 2 года мурун

БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө 72 талапкер арыз берди, алардын ичинен 53 талапкер катталды.

  — 14 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын экөө – катталган талапкерлердин ичинен);

— каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 5 талапкерге.

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 36 талапкер (33 – эркек, 3 – аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, алардын ичинен 27 талапкер катталды.

— 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкерлердин ичинен);

— каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон 2 талапкерге баш тартылды.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 36 талапкер (25 – эркек, 11 –аял) талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди, алардын ичинен 26 талапкер катталды;

— 7 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкерлердин ичинен);

— каттоого документтердин толук топтомун тапшырбагандыгы үчүн каттоодон баш тартылды – 3 талапкерге, 1 талапкер баш тартуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанат.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн б.а. 7-февралдан башталат.

Бул тууралуу БШК маалыматтык бөлүмү билдирди.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты