Билим берүү министрлиги бардык бала бакчаларга видеокамералар орнотуларын билдирди
- 2 года мурун
2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандагы бардык бала бакчаларга видео камералар орнотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 30-декабрда өткөн басма сөз жыйынында кабарлады.
Анын айтымында, видеокөзөмөл «Коопсуз шаар» системасы менен интеграцияланат. Жыйындын жүрүшүндө Билим берүү министрлиги бул маселе боюнча Ички иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылды.
“Видео көзөмөлдү орнотуп эле отуруп калбай, биз Ички иштер министрлиги менен да сүйлөшүп атабыз. Кийин видео камералар «Коопсуз шаар» деген долбоор менен интеграцияланат. Бала бакчада эмне болуп жатканы көзөмөлдө болушу керек”, — дейт өз сөзүндө Надира Жусупбекова.
Мындай талапка жыл соңундагы балдар бакчасындагы катталган окуялар себеп болгон.
Эске сала кетсек, 22-октябрда Сокулук айылындагы «Алтын балалык» мамлекеттик бала бакчасында беш жашар Алия чарчап калган.
Ошондой эле декабрь айында социалдык тармактарда Сузак районундагы “Кенжетай” балдар бакчасында тарбиячынын балдарга кол көтөрүп жаткан видеосу тарап, коомчулукта чоң талкууга алынган.
Сүрөт: интернет булактары




