Министр балага зомбулук көрсөткөн «тарбиячынын» мыйзам чегинде жазаланышын талап кылды
- 2 месяца мурун
- Видео
Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бала бакчада баланы жазалап жаткан тарбиячынын мыйзам чегинде жазаланышын талап кылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасында жазды.
“Бала бакчада баланы жазалап жаткан, “тарбиячы” деп айтканга ооз барбаган акмактын балага жасаган зомбулугун көрүп, ата-энелерден кечирим сурайм. Учурда бул иш укук коргоо органдары, сот, прокуратура тарабынан каралып жаткандыгын билдирем. Балага зомбулук жасаган “тарбиячы” мыйзам чегинде жазаланышын талап кылам. Ал эми ошол тарбиячынын кандай экенин билбей иштеткен жана мекемеде наристеге кордук көрсөтүүгө орун бергени үчүн бала бакчанын башчысы да кызматтан кетет” деп билдирди министр Догдургүл Кендирбаева.
Бүгүн, 2-декабрда, социалдык тармактарга Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагында жайгашкан «Кенжетай-1» бала бакчасында орун алган балдарга орой мамиле жасалганычагылдырылган видео тасма жарыяланган.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү аталган бала бакчадагы видео тасма боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аталган окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталганын кошумчалады. Текшерүүнүн жүрүшү менен бала бакча кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды.
Сүрөт: Видео тасмадан. bilim.akipress.org