Билдирүү: «Бакиев менен маек — Кошалиевдин жеке демилгеси. УТРКнын тиешеси жок»

  • 11 месяцев мурун

Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен болгон маеги боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөргөндүгүнө байланыштуу, УТРК дагы бир ирет жооп берип коюуну туура көргөнүн жарыя кылды.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

-Бул маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРК жетекчилиги менен макулдашылган эмес жана маекти тартуу үчүн техникалык каражат жана башка чыгымдары бөлүнүп берилбеген. Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө. Айта кетсек, Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралбаган, -деп айтылат УТРКнын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 18-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Кадыр Кошалиевдин Минскиге барып, мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алгандыгын, Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы болууга укугу жок экенин айтты. Бийлик Бакиевдерди реабилитациялоо жүрүп жатабы деген суроого жооп беришин же Кошалиевди УТРКдан кызматтан алынышын да талап кылды. 

«Кадыр Кошалиев УТРКнын алып баруучусу экен, аны жумуштан алсын же Бакиевдерди реабилитация процеcсин баштадыбы деген суроого жооп берсин. Экинчиси, мындай адамдар Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы боло албайт» деди депутат. 

15-майда “Акыркы кабарлар- Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланган. Беларустун Минск шаарында тартылды делген маекте Бакиев Кыргызстандагы саясий кырдаал жана Апрель революциясы боюнча пикирин билдирген.

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан. 

Кадыр Кошалиев  Биринчи элдик курултайдын төрагасы болгон . Ошондой эле Кошалиев Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда ЭлТР мамлекеттик телеканалын да жетектеген. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты