Депутат Сурабалдиева Кадыр Кошалиевдин Курултай төрагасы болууга укугу жок экенин айтып чыкты

Бүгүн, 18-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Кадыр Кошалиевдин Минскиге барып, мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алгандыгын, Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы болууга укугу жок экенин айтты. Бийлик Бакиевдерди реабилитациялоо жүрүп жатабы деген суроого жооп беришин же Кошалиевди УТРКдан кызматтан алынышын да талап кылды.       

-Кечээ жакында эле, УТРКнын журналистиби, Кадыр Кошалиев, курултайдын төрагасы экен,  ал качкын, көптөгөн адамдарды атып, качып кеткен президентибизден интервью алат. Каалаган фактыларды өзүнүн ыңгайын кылып, актанып жаткан интервьюну чыгарып эмне кылат? Курултай деген бүткүл Кыргызстанда элдин көңүлүн буруп, тең мамиле кыла турган курултай. Бул аксакал Курултайдын төрагасы болууга укугу жок. Ушуну көзөмөлгө алыңыздар, туура эмес болуп жатат, -деди депутат Сурабалдиева.    

Убакыттын жетишпей калганынан улам Эльвира Сурабалдиева жарыш сөздө да ушул маселени көтөрүп, ошондой эле Кадыр Кошалиевди УТРК жумуштан алсын же УТРК Бакиевдерди реабилитация процессин баштадыбы деген суроого ачык жооп бериши керектигин айтты:

-Кадыр Кошалиев УТРКнын алып баруучусу экен, аны жумуштан алсын же УТРК Бакиевдерди реабилитация процеcсин баштадыбы деген суроого жооп берсин. Экинчиси, мындай адамдар Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы боло албайт. Элди бөлбөгүлө. Ансыз деле биримдикке алып келатканда, ыдыратпагыла. Качып кеткен президенттер өзүн актап, менден «башкасынын баары жаман, мен эле тазамын» десе, анда коркпой, келбейби? Тескерисинче, элдин астына чыгып, кечирим сурап, болгонун болгондой жоопкерчиликти мойнума алам десе, элдин да мүнөзү башкача болмок. Бул жерде баары тескерисинче, баарын жамандап, акты кара, караны ак деп жатат. Мага да чалып жатышат. Жүздөгөн адамдарды кырып кетти. Андан да ошол адамдарды «алкаштар», «наркомандар» деп, 13 жылдан бери жамандап жатышат. Уят нерсе. Бул мисал мамлекетти тоноп качып кеткен президенттердин абдан жаман мисалы. Элде деле чоң суроолор бар. Бул кайсы акчасына 13 жылдан бери жашап жатат? 30 жылга камалды. Ошол убакта каза болгондордун балдары да чоңоюп калды. Алардын баары бийлик эмне дээр экен деп карап турушат. Бул эмне, реабилитация кылып жатасыңарбы деп жатат. Мен да бийликтин бир бутагынын өкүлүмүн. Парламенттен жооп бериш керек деп мен да туура көрдүм,-деди Эльвира Сурабалдиева.

Реабилитация болуп жатат дегендерге өкмөт, президенттик администрациядан жооп берилсин же Кошалиевди кызматтан кетирсин,- деди депутат.

15-майда “Акыркы кабарлар- Санжар Калматай” жана “Компромат КГ” Ютуб-каналдарында бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин маеги жарыяланган. Беларустун Минск шаарында тартылды делген маекте Бакиев Кыргызстандагы саясий кырдаал жана Апрель революциясы боюнча пикирин билдирген.

Курманбек Бакиевге карата 2014-жылдын июнь айында мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бишкек аскердик соту аны 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында 87 адамды атууга күнөөлүү деп тапкан. 

Кадыр Кошалиев  Биринчи элдик курултайдын төрагасы болгон . Ошондой эле Кошалиев Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда ЭлТР мамлекеттик телеканалын да жетектеген. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты