«Бийликти басып алууга» айыпталган: Нурматова, Исаков жана дагы экөө камалды. Чолпонбек Сыдыкбаев үй камагына чыкты

  • 11 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн» деген айып менен кармаган беш кишинин төртөө эки аптага камакка алынып, бирөө үй камагына чыгарылды.

Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 7-июнда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралганын бул мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сот УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн Роза Нурматованы, Гүлжигит Исаковду жана дагы эки кишини 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Ал эми Чолпонбек Сыдыкбаевди тергөөчү үй камагына алуу тууралуу өтүнүч келтирди, сот аны да канааттандырды.

Жапырт протест жана масштабдуу башаламандык акцияларын уюштуруп, натыйжада бийликти күч менен басып алууга бир жылдан бери жашыруун даярдык көрүп жүргөн адамдар тобу аныкталганын, алардын башында “Элдик кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова турганын, чогултулган аудио жана видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгонун УКМК 6-июнда билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бул топко ар кайсы аймактардан 100дөй адам тартылган, 5-июнда 30дан ашууну УКМКга суракка чакырылып, алардын бешөө кармалган.

Роза Нурматова 2010-жылдан кийин Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабын башкарып, ошол учурдагы бийликке оппозиция болгон.

“Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлү катары белгилүү Гүлжигит Исаков 2019-жылы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдоо митингине катышкандан кийин милиция анын ата-энесинин үйүнө барып, бир тууганын суракка чакырган. Исаков азыркы бийликтин айрым иштерине нааразы экенин ачык айтып, Кемпир-Абад маселеси боюнча өз позициясын билдирип жүрчү.

Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучусу.

Ал эми кармалгандардын арасынан калган экөөнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда.

Мындан тышкары ушу тапта “бийликти басып алууга аракет кылган” деген негизде он чакты саясатчы, активист абакта отурат. Алар кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын билдирип жүрүп, былтыр октябрда кармалышкан. Өзүлөрү бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат. Ал эми президент Садыр Жапаров камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен» деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети да кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты