УКМК: «Массалык башаламандык уюштурууга аракет кылганга шектелген жарандар кармалды»

  • 11 месяцев мурун

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууга аракет кылганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Алынган маалыматтардын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

УКМКдан негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучукатары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендигин билдиришти.

Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн. Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

5-июнда УКМКга 30дан ашык катышуучу алынып келинди. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алышкан.

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты