Белгороддо аткылоодон бир ыптасы кулаган он кабаттуу үйдөн 15 кишинин сөөгү табылды

  • 2 месяца мурун

Куткаруучулар Орусиянын Белгород шаарында аткылоодон бир ыптасы кулаган он кабаттуу үйдөн 15 кишинин сөөгүн алып чыгышты.

Бул тууралуу 13-майда Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдирди.  

Кечки аткылоодон дагы үч киши көз жумганы  маалымдалды.  

Аткылоодон улам бир ыптасы кулаган үйдөн 27 киши жаракат алган. Алардын арасынан 10 кишиге амбулатордук жардам берилген, алтоону ооруканаларга жаткырышат.  

Ал үйдүн 36 тургуну убактылуу жайларда жашап жатышат.  

12-май күнү эртең менен аткылоодон кийин Белгород шаарында Щорс көчөсүндөгү он кабат үйдүн биринин подъезди кулап калды. Москва бул үчүн Киевди айыптады.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты