Белгороддо аткылоодон кийин он кабат үйдүн бир ыптасы кулады. Москва Киевди айыптады

  • 3 месяца мурун

12-май күнү эртең менен Белгород шаарында Щорс көчөсүндөгү он кабат үйдүн биринин подъезди кулап калды.

Бул украиналыктардын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан кийин болгондугун Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Телеграм-каналга жазды.  

Анын айтымында, он кабаттуу үйдүн бир подъезди онунчу кабаттан биринчи кабатка чейин кулап түшкөн. Ага чейин шаарда сактануу сигналы берилген.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 16 батир кыйраганын билдирди. Жабыркагандар да бар экени айтылууда.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты