Белгилүү журналист Нарын Айып менен коштошуу зыйнаты 15-февралда өтөт

  • 1 месяц мурун

Белгилүү журналист Нарын Айып (Нарынбек Айыпович Идинов) менен коштошуу 15-февралда саат 10:30да Бишкек, Байтик баатыр көчөсү үй 1/ 4 дарегинде өтөт.

13-февралда белгилүү журналист жана окумуштуу Нарын Айып 72 жашында дүйнөдөн кайтты.

1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып  “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында, 1995-2002-жылдары редактор болуп эмгектенген. 2008-2010-жылдарда “Кабар” агенттигинин директору, 2010-2014-жылдары Коомдук теле-радио корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” программасынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин шеф-редактору кызматында эмгектенген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Андан кийин бир катар медиаларда — 5-каналда алып баруучу, редактор, акыркы учурда “7-каналда” иштеп жаткан.

Акыркы жылдары Нарын Айып “Кожомкул” жана “Эсимде” аттуу эки кино-роман жазып, алар жогорку сапаты жана илимий тили менен бааланган. Ошондой эле, Кыргызстан тарыхы жана маданияты боюнча аналитикалык макалаларды массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыялап турган. Өзгөчө өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий турмушуна жигердүү катышып, кыргыз адабияты менен журналистиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. 

«Нарын Айып өзүнүн аналитикалык терең ой жүгүрткөн чыныгы кесипкөйлүгү жана патриоттуулугу менен ата мекендик улуттук журналистиканын өнүгүшүнө жана калыптанышына, сөз эркиндигине жана демократиялык коомдун курулушуна чоң салым кошту» деп айтылат Министрлер кабинетинин көңүл айтуусунда.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты