Бекешев: 16га жердин курулушчуларга берилиши борбор шаардын экологиясын начарлатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 21-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев борбор калаада экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, 2021-жылдын 19-мартында Президенттин «Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыкканын, анын бир пунктунда шаарлардын өнүгүү келечегин жана көп жылдык шамал режимин (шамал багытын) эске алуу менен калктуу конуштардагы абанын циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийик имараттарды долбоорлоого, жайгаштырууга жана курууга ченемдерди жана талаптарды кайра карап чыгуу зарыл.

-Буга байланыштуу борбор калаанын түштүк аймагынан 16 гектар жер тилкеси курулушчуларга Ак үйдүн жаңы имаратын куруу үчүн берилген чечими мамлекет башчынын жарлыгына каршы келет жана Бишкектин экологиясын начарлатат, — деди Бекешев.

Мындан улам депутат өкмөттү бул чечимди кайра карап чыгып, шаарды жашылдандыруу иштерин күчөтүү боюнча иш алып барууга чакырды.

Президенттик администрациянын жаңы имаратын атамекендик «TS Group» компаниясы курат.

Жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө. Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат. Президент Садыр Жапаров 15-апрелде мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жаткан президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты