Эки депутат бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Буга эмне себеп болду?

  • 11 месяцев мурун

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетине качан киргизилери азырынча белгисиз. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баш болгон Жогорку Кеңештин 30дан ашуун депутаты.

31-майда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштаган. «Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар», — деген Бекешев.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан эки депутат баш тартты.

Депутат Эмил Токтошев бул мыйзам долбоорунда ашыкча көп нерселер жазылып калгандыктан демилгечи болуудан баш тартканын «ПолитКлиника» медиасына айтып берди.

Эки депутат бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Буга эмне себеп болду?

«Надира Нарматова демилгелеген мыйзам долбооруна өзүмдүн сунушумду берем деп демилгечилердин бири болууга макулдугумду бергем. Сырттан келген бардык акчалар көзөмөлдөнүп, кайсы булактан алынганы ачык болуш керек. Эктремизм, терроризм деген бар, диний агымдар көбөйүп кетти. Булардын мамлекетке зыяны тийбеши үчүн алган акчалар ачык айтылышы керек деген сунуш менен макул болгом. Бизге коммерциялык эмес уюмдар керек. Алар биздин коомго жардам берип жатышат. Бирок мамлекетке зыянын тийгизбеши шарт. Жыйынтыгында документке биз кол коюп кеткен кийин карасам ашыкча көп нерселер жазылып кетиптир. Мисалы жыл сайын аудит болуш керек деп жазылыптыр. Аудит деген башка, текшерүү деген башка. Ауидит кылуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары дагы көп нерселер жазылган экен. Ошондуктан бир жума мурун арызымды жазып, демилгечилердин катарынан чыгып кеттим», — дейт Токтошев.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков журналисттерге бул мыйзам долбоорунда адам укуктарына, демократияга каршы көп нерселер бар экенин билдирди.

Эки депутат бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Буга эмне себеп болду?

«Бул мыйзам долбооруна демилгечилердин бири болуп киргем. Каражаттын туура пайдаланылышы боюнча, аны көзөмөлдөөгө макулдугумду бергем. Азыркы мыйзамды көрүп, демилгечи болуудан баш тарттым. Себеби ал жерде адам укуктарына, демократияга каршы көп нерселер бар экен», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты