Бээжинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоору боюнча кызматташууга кол коюу аземи болууда

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-июнда, Пекин шаарында өткөн Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө  макулдашууга кол коюлууда.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров видеокайрылуу жасады  

“Бул долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү болот. Темир жол Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин ташуулардын жаңы каттамдарына жол ачарын белгилей кетүү керек. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга ар тараптан оң таасирин тийгизери шексиз” деп айтылды видеокайрылууда.

“Темир жолдун курулушун баштоодо ийгилик каалайм жана долбоор биздин өлкөлөрдүн жана элдердин өнүгүшү үчүн тез арада бүтүп, жаңы темир жол ишке киргизилет деп ишенем” деди президент Жапаров.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылы сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 15-декабрда Бишкекте өткөн элдик курултайда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн билдирген.

1-мартта Кашкар шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй болуп үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Анда Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун биргелешкен каржылоо долбоору жана техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты