Италиялык Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү менен зергерчилик маселелери талкууланды
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев 11-майда дүйнөгө белгилүү италиялык Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.
Жолугушууга туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директор Элеонора Риццуто жана корпоративдик каржы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директор Энрико Фрицци кирди.
Тараптар зергерчилик буюмдарын өндүрүү жаатында биргелешкен кызматташуу маселелерин,биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.
«Кыргыз Республикасы жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча активдүү саясат жүргүзүүдө жана биз Bvlgari сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги компаниялар менен өз ара аракеттенүүдө чоң потенциалды көрүп жатабыз» деп белгиледи Амангелдиев.
Тараптар зергерчилик буюмдарын кайра иштетүү, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү жаатында мүмкүн болгон кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Bvlgari компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун соңунда экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн консультацияларды улантуу, биргелешип аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Сүрөт: gov.kg




