Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жол курулушуна мезгил кутусу салынды

  • 3 месяца мурун

Садыр Жапаров 14-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, узундугу болжол менен 6 чакырым болгон темир жол бутагы совет мезгилинде иштеген, бирок кийинчерээк жараксыз абалга келип, пайдалануудан чыгарылган. Өткөн жылы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан модернизацияланып: темир жол полотносу жана шпалдар алмаштырылды, ошондой эле кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тосмолор орнотулду.

Ал аталган долбоордун биринчи этабы катары узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы каралып жатканын кошумчалады.

Lолбоор чийки заттарды жана өнөр жай жүктөрүн ташууну арттырууга, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана улуттук темир жол системасынын интеграциясын кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

 Жаңы темир жол тилкесинин узундугу болжол менен — 86 чакырым. Долбоордо темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт.

“Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоор толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 5 миллион тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алат. Мындан тышкары, инфратүзүмдүн өнүгүшүнө жана аймактын экономикасынын жандануусуна жараша бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген үмүтүм бар. Аталган долбоор Ысык-Көл жээгинде ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык демилгелерди эске алгандыгы менен өзгөчө мааниге ээ. Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот” деди Садыр Жапаров.

Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жумуш орду түзүлөт, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орундары камсыздалат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты