Касымалиев «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол тилкесиндеги туннель курулушуна барды

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Төш-Кутчу жериндеги «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун тилкесиндеги туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

МинКаб башчысына жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып беришти. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору «Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Жалал-Абад» (304,94 км) маршруту боюнча өтөт. Торугарт – Макмал (160 км) тилкесинде 1435 мм темир жол изи, Макмалдан Жалал-Абадга чейин (145 км) – 1520 мм темир жол изи колдонулат. Макмал районунда жүктөө станциясын жана логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда. 

5695 техника жана 5 миңден ашык адам тартылган. 29 туннелдин (анын ичинен 18) курулушу башталды. 50 көпүрөнүн 17синин, 602 суу өткөргүч түтүктүн 28инин курулушу башталды. 

Министрлер кабинетинин башчысы Касымалиев стратегиялык инфраструктуралык долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Касымалиев "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол тилкесиндеги туннель курулушуна барды

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты