Бишкектин «Жал» кичирайонундагы «Батуми» кафеси буздурулуп жатат

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулууда.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген.

Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты