Баткенге жардам көрсөтүү эсебине жарандардан 287 млн сомдон ашуун каражат түштү  

  • 2 года мурун

 Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы маалымдагандай, 28-сентбярь саат 19:00 гө карта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан  287 162 730,50 сом түшкөн.

Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты