Баткенге жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке жарандардан жана ыктыярчылардан 310 млн ашык сом түштү

  • 1 год мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 310 129 742,75 сом түштү.

Бул тууралуу финансы министрлигинин борбордук казыналыгы маалымдады.

Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Тажикстандын кол салуусунан алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты