ИИМ: Бишкекте чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө

28-августта кечинде милицияга чет өлкөлүк жарандардын ортосунда болгон чыр-чатак тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

ИИМ билдиргендей, баштапкы маалымат боюнча, чет өлкөлүк жарандар кайым айтышып, андан кийин чыр-чатак чыгып, катышуучулар жашап турган убактылуу турак жайда мушташ болгон.

Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгын катталган. Милиция кызматкерлери окуяга катышкан бардык адамдардын тек-жайын  аныктап, аларды Тергөө кызматына жеткиришкен.

Учурда сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ар бир катышуучунун аракеттерине укуктук баа берилет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты