Баткенде абал турукташып, айыл тургундары үйлөрүнө кайтууда

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары үйлөрүнө кайтышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигини 13-апрелге саат 12ге карата берген мааыматына караганда, жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17799 жарандын 8687си адам туруктуу жашаган жерине кайтты.

Ал эми ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554  жана Баткен районунда 33 жаран үйлөрүнө кетишти.

Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техника даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн райондук жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 бирдик автоунаа тартылды.

Абал курчуган айылдардан жалпы 18507 жаран эвакуацияланып, анын ичинен туугандарынын үйлөрүнө өз алдынча жайгашканы 17799 жаран (3398 үй-бүлө), ал эми убактылуу жайларга жайгашкан тургундардын саны 708 жаранды түзгөн.

12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.

Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылды. Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

«Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады», — деп жазылган маалыматта. Кийинчерээк минометтон аткылоо токтогонун жарыялады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты