Баткен облусунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 20-сентябрда, эртең менен ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында кайгуул иштери боюнча милиция кызматкерлерине тапшырмаларды берди.  Ошондой эле Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган имараттарды, үйлөрдү, короо-жайларды, соода-түйүндөрдү  дыкаттык кароого алган ыкчам тергөө топторуна жардам көрсөтүү керектиги да белгиленди.

Учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде  абал  салыштырмалуу туруктуу. Учурда абал тынч, эч кандай терс көрүнүш каттала элек.

 Баткен облустук милициянын өздүк курамы
жана ага тартылган күч каражаттары абалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүп, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытындагы атайын иштерди жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 164 киши жарадар болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

18-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин куралдуу агрессияга айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

Тажикстан бийлигинин расмий маалыматына ылайык, 14-17-сентябрь күндөрдүн аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болду.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы




Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты