«Кырчын» жайлоосунда бүркүттөн коргонгон күзөттөгү жоокер жабыркабаганын айтты

Бул күндөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда жоокердин шамдагайлык менен бүркүттөн коргонуп жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады.  

Ички иштер министрлиги ал ИИМдин Ички аскерлеринин жоокери экендигин билдирди.  

“Аталган видеодо Дүйнөлүк  көчмөндөр оюндары өтүп жаткан «Кырчын» жайлоосунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан жоокердин башынан өткөн кызыктуу учур чагылдырылган. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин так аткарып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан жоокерге күтүүсүздөн бүркүт келип конгон. Күтүүсүз жагдайга карабастан, жоокер өзүн сабырдуу кармап, шамдагайлыгын жана кырдаалга тез баа бере билгенин көрсөттү” деп айтылат маалыматта.

"Кырчын" жайлоосунда бүркүттөн коргонгон күзөттөгү жоокер жабыркабаганын айтты

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүнүнүн катардагы жоокери Ибраимов мындай деди:

-Кырчын жайлоосунда коомдук коопсуздукту камсыз кылып, кызмат өтөп жүргөнбүз. Мен кызмат өтөп жүргөн жерде бүркүт салуу  болуп жаткан. Бүркүт түлкүнү кубалабай эле, артты карасам, мени көздөй келе жатыптыр. Отурганга жетишип калдым, отуруп калсам, бир эле тырмагы кирди, баары эле жакшы, эчтеке болгон жокмун,-деди жоокер.  

Сүрөт: Соцтармактагы видеодон жана ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты