Баткен: Эвакуациялангандардын айрымдары үйлөрүнө кайтууда

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-апрелде саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53ү эркек, 246 аял, 345 жаш балдар) убактылуу пункттарына жайгаштырылган, анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облуc аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттарын даярдалды.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган. Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.

Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.

12-апрелде кечки саат 21:17 чамасында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышкан.

Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы айтылды. Анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алган.

«Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады», — деп жазылган маалыматта. Кийинчерээк минометтон аткылоо токтогонун жарыялады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты