Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды  

  • 4 недели мурун

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу убактылуу СИЗО абак жайына камалды.  

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Кубан Адыл уулу президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен 30-апрелде Башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулган.  

Биринчи май сотунун 2024-жылдын 12-ноябрдагы токтому менен, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн сунуштамасы канаттандарылып,  Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынды.

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулуна кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар», «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо», «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айып коюлууда. Аны менен бирге дагы 7 киши кармалганы айтылууда.   

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты