Алымкадыр Бейшеналиевди күч органдары кармап кеткени кабарланууда

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министр Алымкадыр Бейшеналиевди күч органдары кармап кеткени кабарланууда.

Жарандык активист Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасында министрликтин имаратынын алдынан Бейшеналиевге окшош адамды күч органдарынын кызматкерлери кармап бараткан видеону жарыялады.

Айтымында, видеону анын тааныштары тартып алган.

Министрликтен маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.

Kaktus.media басылмасы өздүк булактарына таянып, министрди Башкы прокуратура УКМКнын «Альфа» атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлеринин жардамы менен кармаганын жазды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты