Бакыт Төрөбаев: Титаномагнетит өндүрүшүн пилоттук режимде баштадык
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 3-июлда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ысык-Көл облусунун Кызыл-Омпол аймагында титаномагнетит өндүрүшү пилоттук режимде башталганы тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
“Сейрек кездешүүчү титаномагнетит өндүрүшүн кечээ жакында пилоттук режимде баштадык. Бизде 20 млн тоннадай титаномагнетит бар деп айтып жатышат, болжолдуу түрдө. Азыр технологиясын өздөштүрүп жатабыз” Бакыт Төрөбаев.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун орнотууга катышкан.
Экс-МинКаб башчысы бул баалуу ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи.
«Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада, ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет» деди Акылбек Жапаров.
Президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өткөн жылы 27-июнда президенттин сайтына жарыяланды.
Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.
2024-жылы 13-июнда Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзам долбоору кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.
Бир катар укук коргоочулар, окумуштуулар жана экологдор уран казууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, кайрылуу жасаган.
Мындан алты жыл мурда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө активисттер каршы чыгып, кен казуу иши токтотулган. Кызыл-Омпол уран кенин иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилген.
Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы




