Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

  • 3 месяца мурун

Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

24-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулган.

Социалдык тармактарга 23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев деп айтылган адам менен дагы бир кишинин аудио сүйлөшүүсү жарыяланган. Анда ал киши Таймурас Ташиев менен ал кезде УКМКнын Жалал-Абад облустук башчысы болуп турган, учурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов экөөнө ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, ал эми заводду бузуп кетем десе да, бербей койгонун билдирген. Таймурас Ташиев ага бир миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун айткан.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы ишканаларды сатып алганын, аларга ишкана ээсинин тууганы Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылганын айтып берген.

Бакыт Төрөбаев Таймурас Ташиевдин жообун «Азаттыкка» комментарийлеп, «аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин экенин ырастаган. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранганын» айткан.

Бакыт Төрөбаев “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Сүрөттө: Бакыт Төрөбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты