Төрөбаев кытайлыктар менен Кыргызстанда «250 өндүрүш линиясын» ишке ашырууну сүйлөштү

  • 2 месяца мурун

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытайдын Шаньдун провинциясынын Элдик өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды

Кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелери ушул жылы тарыхый окуяларга бай болоору белгиленди: анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, эки тараптуу иш сапарлар жана башкалар.

Жолугушууда өнөр жай, кайра иштетүү, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу менен практикалык кызматташууга өзгөчө басым жасалды.

Тараптар чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында өндүрүш ишканаларын түзүү менен “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашырууну макулдашты.

Тараптар жакынкы келечекте практикалык кызматташууну баштоо максатында жумушчу механизмдердин алкагында тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты