Пакистан Ооганстандагы талибдер өкмөтү менен “ачык согуш” башталганын жарыялады
- 5 месяцев мурун
Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Ооганстандагы талибдер кыймылынын бийлигине каршы “ачык согуш” башталганын билдирди. Бул тууралуу ал Х социалдык түйүнүнө жазды.
Пакистандын коргоо министринин айтымында, “талибдер өкмөтү Ооганстанды Индиянын колониясына айландырып, дүйнө жүзүнүн террористтерин чогултуп, терроризмди «экспорттоп», өз элин болсо, укуктарынан ажыратты”.
“Пакистан кадимки абалды кармап туруунун бардык аракеттерин жасады, түз аракеттерди дагы, мамилеси жылуу өлкөлөр аркылуу дагы. Бирок талибдер Индиянын «марионеткасы» болуп калды. Алар бүгүн Пакистанга чабуул койгондо, биздин күчтөр аларга чечкиндүү жооп берди” деп билдирди коргоо министри.
Пакистан Ооганстандын бир нече шаарына абадан сокку урду. Пакистандын маалымат министринин айтымында, аба соккусунан 133 талиб каза таап, 200дөйү жаракат алды.
Ооганстандын коргоо министрлиги Пакистандын 2 базасын жана чек арадагы көзөмөлдөө-пункттарын тартып алганын, 55 пакистандык көз жумганын билдирген.
26-февралда Ооганстан Пакистандын соккусуна каршы операциясын баштаган.
Исламабад пакистандык теракт уюштуруучулар Ооганстанга жашырынып алып, ал жактан Пакистанга чабуул коюуну көздөп жатканын билдирген.
Сүрөт: Reuters




