“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

20-ноябрда Фейсбук соц.тармагында Базарбай Гапаров аттуу колдонуучу “Сенсация! Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!” деген аталыш менен макаланын скриншотун “Мобу эмне сайт? УТРКга тиешеси барбы” деген суроо менен жүктөгөн. 

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Алгач маалыматты толук окуп билүү үчүн скриншотто көрсөтүлгөн даректи терип, Google платформа аркылуу издегенибизде аталган сайт чыккан жок. Бирок Фейсбуктагы тайпалардын биринде сайттан скриншоттолгон башка сүрөттөрдү таба алдык.

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

Анда Улуттук телекорпорациянын алып баруучусу Нуржамал Бурханова жана ишкер Аскар Салымбековдун маеги делген макала жазылып, ишкер криптовалюталык платформага катталып киреше таап жатканы тууралуу сөз болгон. 

Сайттын, макаланын түзүмү жана андагы грамматикалык каталар жазылган маалыматка карата ишеним жаратпайт. Бирок толук ишенимдүүлүк үчүн анын URL-шилтемесиндеги доменди текшерип көрдүк. Бул УТРКнын расмий сайтынын домени

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

Ал эми скриншоттордо көрсөтүлгөн сайттын домени аны менен дал келбейт. 

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз
“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

Бул себептүү аталган сайтты толугу менен фейк деп атоого болот. 

Мындан сырткары  УТРКнын расмий сайты жана Аскар Салымбеков жеке баракчасы мындагы маалыматтар жалган экенин айтып билдирүү жасашкан.

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз
“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

Адатта мындай сайттар фишинг (интернеттеги шылуундук) үчүн колдонулат. Шылуундар сайт, андагы шилтемелер, суроолор аркылуу адамдардын аты-жөнү, почтасы жана банктагы эсептери тууралуу маалымат алып, ар кандай махинациялар үчүн колдонуусу ыктымал. Интернеттеги шылуундук тууралуу укук коргоо органдары тарабынан эскертүүлөр дайыма болуп келет. Бирок ага карабай, анын курмандыгы болгон адамдардын саны күн санап  көбөйүүдө. 

Сайттын аныктыгын кантип текшерүүгө болот?

1.Домен

Шылуундар адамдарды ынандыруу үчүн көбүнчө белгилүү бренддердин аталышын, ага тиешелүү логотип же сүрөттөрдү колдонушу мүмкүн. Бирок алар расмий сайттардын домендерин пайдалана алышпайт. Ошондуктан компаниянын расмий сайтын издеп салыштырганга аракет кылыңыз. 

Эскертүү: Шылуундар окшош, бирок катачылыктарды же айырмачылыктарды камтыган домендерди жасоого аракет кылышат. Мисалы, эгер politklinika.kg расмий домен болсо, аны po1itklinika.kg деп жалгыз тамга, символ же сан аркылуу өзгөртүп коюусу ыктымал. Андыктан кылдат болуу керек.

2.SSL сертификаты

Сайттын коопсуздугун текшерүү үчүн, URL шилтеменин жанындагы кулпу белгисинин (замок) бар-жогун караңыз. Бул белги сайттын сертификаты болуп эсептелинет.

Эскертүү: Муну менен тим болбой, сертификаттын ким тарабынан жана кайсы мөөнөткө чейин берилгенин да текшерүү керек.

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз
“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

3.Сайттын көрүнүшү

Сайтта грамматикалык каталар, толук эмес маалыматтар же иштебей турган шилтемелердин болушу, анын күмөндүүлүгүнөн кабар берет. Адатта расмий компаниялар көрсөткөн кызматтары, бөлүмдөрү тууралуу кенен маалымат бергенге умтулушат.

“Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!”. Фейк сайттарды кантип аныктаса болорун айтып беребиз

Ал эми фейк-сайттарда көбүнчө мындай терең маалыматтар жок, ар кандай бөлүмдөр көрсөтүлсө да баарынын шилтемеси иштебеши мүмкүн.

4.Колдонуучу келишимдери

Сайттын колдонуучу келишимдери (пользовательское соглашение), жеке маалыматтардын саясаттары (политика конфиденциальности данных) жана башка документтери бар-жогун текшерүү керек.

5.Маалымат булактары

Шылуундар белгилүү компаниялар менен биргеликте атактуу адамдардын сүрөт жана видеолорун да кеңири колдонушат. Дипфейктердин жайылышы менен эң ишенимдүү көрүнгөн видеолор да фейк жана шылуундуктун ыкмасы болушу мүмкүн. Андыктан мындай маалыматтарга кабылганда ал адамдардын жеке баракчаларын, билдирүүлөрүн текшерүү сунушталат.

Төмөндө “ПолитКлиника” медиасы текшерген шылуундук ыкмалары тууралуу кененирээк окуй аласыз. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз!

Алдатып жиберген акчаларды кайтарып беребиз деген кызматтар — шылуундар (Фактчекинг)

“Экинчи аял болууга даярмын”. Инстаграмдагы шылуундардын жаңы ыкмасы (фактчек)

Фейсбукта дарыны жарнамалаган Атабековдун видеосу — фейк. Фактчекинг

Жыйынтык: Фейсбуктагы “Сенсация! Аскар Салымбеков өз кирешесин ачыктады!” деген макала фейк сайтта жарыяланган. Анын ишкерге жана УТРКга эч кандай тиешеси жок.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты