Бакыт Асанбаевдин жакындары анын асынып алганынан шек санашууда (Видео)

УКМКнын маалыматында 2022-жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган деп айтылган. УКМК Асанбаев тергөө камак жайынын камерасында асынып алган абалда табылган деп маалымат берилген. Бирок Бакыт Асанбаевдин жакындары асынып каза тапты деген билдирүүдөн шек санап, анын киши колдуу болгонун айтууда.

2022-жылдын 30-апрелинен тартып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө камак жайына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде коррупция фактысы менен козголгон кылмыш иши боюнча айыпка шектүү катары “Айыл Банктын” насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы – Бакыт Асанбаев жайгаштырылган.

Учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызматкерлер  суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертиза дайындалды.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилерин билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты