Башкы прокуратура УКМКнын тергөө изоляторунда Бакыт Асанбаевдин асынып каза болгондугу боюнча текшерүү жүргүзүүдө

  • 2 года мурун

2022-жылдын 18-июнунда «102» кызматына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитетинин (УКМК) убактылуу тергөө изоляторунда айыпка шектүү А.Б. (Бакыт Асанбаев-ред. ) өзүн өзү асып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестирине катталып, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

Учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызматкерлер  суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертиза дайындалды.

Башкы прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилерин билдирди.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, 2022-жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 00:55 чамасында аталган А.Б.Р. аттуу жаран (Асанбаев Бакыт Рысбекович-ред.) УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйган. Ал тергөө камак жайынын камерасында асынып алган абалда табылган.

Ага тергөө камак жайынын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам кызматы чакырылган. Асанбаев Бакыттын каза болгондугу аныкталган.

Бакыт Асанбаев санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпка шектүү болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылган. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан, камералардын эшиктери дайыма ачык болгон. Камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган.

Асанбаевдин өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпка шектүүлөр башка камерада намаз окуп жатышкан. УКМКнын тергөө абагында жайгашкандан бери ал ден соолугуна, камакта кармоонун шарттарына даттанган эмес, жактоочу айыпка шектүүгө ээн-эркин кирип турган, кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.

Буга чейин ЖМКда Бакыт Асанбаевдин УКМК тергөө абагында асынып каза болгондугу туурадуу маалымат тараган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, кредиттик каражаттарды максатсыз атайылап чыгаруудан турган «Айыл-Банк» АКК коррупциялык схемасы текшерилип жаткан.

Бакыт Асанбаев апрель айында коррупцияга шектелип кармалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты