Байсаловдун мугалимдер боюнча айткандары коомчулуктун сын-пикирине кабылды
- 2 недели мурун
- Баяндар
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун “Номад ТВ” теле берүүсүнө берген маегинде мугалимдертууралуу, алардын 15-20 пайызын кууп чыгып, алардын ордуна көчөдөн, мурдагы журналисттерден алыш керек деп айткандары коомчулуктун жана мугалимдердин сынына кабылды.
Каракол шаарынан кыргыз тили жана адабият мугалими Адил Какенов Эдил Байсаловго кайрылуу жасап, мындай билдирүүнү мурда айтканда, жогопку окуу жайын бүтүрбөй эле, көчөдө жүрүп, бир-эки ай курстардан оукп туруп эле мугалим болуп алмак экенин айтты:
-Сиз мугалимдин беделине шек келтирген, мугалимди шылдыңдаган, басынткан билдирүү жасадыңыз. Сиздин оюңузча көчөдө эле жүргөн кишилерди алып келип, эки жума окутуп туруп, анан мугалим кылышыбыз керек дедиңиз. Менин артымда турган Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети. Дал ушул корпус — мугалимдерди даярдаган корпус. Ушул жерде мен кыргыз тили жана адабияты боюнча төрт жылымды коротуп окугам. Эртерээк билдирүү жасаганыңызда, мен бул жакта окубайт болчумун, көчөдө жүрүп эле, бир курстарга кирип окуп, сабак бермек экенмин,-деди жаш мугалим.
Ошондой эле ал Эдил Байсаловду өзүн курстан окуп, мугалим болуп, айткан сөздөрүн иш жүзүндө сынап көрүүнү өтүндү:
-Же болбосо сиз Көлгө келип, кайсы тармакка кызыгасыз, физика, англис тили же орус тили, ошол тармак боюнча сизди эки жума окутабыз, анан алыскы айылдарга барып, тогуз ай иштеңи. Окуучулар кандай жыйынтыкка жетти, жакшы жыйынтык болсо, анда ошол системаны киргизели. А бирок сиз андай кыла албайсыз, ошондуктан жалпы Кыргызстан боюнча билим берип жаткан мугалимдерден кечирим сурашыңызды талап кылабыз,-деди мугалим Адил Какенов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармакта кайра мугалим Адил Какеновго жооп кайтарып, мугалимдердин беделине шек келтирүүдөн алыс экенин, тескерисинче мугалимдерге болушканын айтты.
Ал эми Адил Какенов сыяктуу жакшы мугалимдер эч нерседен кам санабай иштей беришин, алардын турмушун жакшыртуу аракетин көрүшөрүн билдирди.
Социалдык тармактарда да Эдил Байсаловдун айткандары кызуу-талкуу, сын-пикирге кабылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы ачылган “Номад” телеканалына берген интервьюсунда мектептер терең кризисте экенин, мугалимдер өзгөрүшү керектигин, “алсыз звено” делген 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды кууп чыккыла деп министр Догдургүл Кендирбаевага айтканын билдирди. Мугалимдерди көчөдөгү эл арасынан тандоону, ошол эле мурдагы журналисттерди, жакшы айлыкка 50-60 миң сомго чакырса келээрин белгиледи.
-Мен министр Кендирбаева менен кечээ жолугуп сүйлөштүм, мейли аттестация кылабы, баа коебу, эң алсыз звено катары 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды кууп чыккыла деп айттым. Ооба, мугалимдер жетишпей жатат, бирок биз көчөдөн эл арасынан тандап, ошол эле мурдагы журналисттерди, эң жакшы айлыкка чакырабыз. 50-60 миң сомго келишет алар. Ал эми жакшы мугалим миңдеген адамдарга канат байлатат. Жаман мугалим жакшы окуучунан да канатын кыркып, сындырып, бузуп салат, -деп айтты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.
Сүрөт: «Номад ТВ» маегиндеги видео тасмадан алынды.




