Байсалов начар мугалимдердин 15-20%ын кууп чыгып, эл арасынан, мурдагы журналисттерден тандоону сунуштады    

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы ачылган “Номад” телеканалына берген интервьюсунда мектептер терең кризисте экенин, мугалимдер өзгөрүшү керектигин, “алсыз звено” делген 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды кууп чыккыла деп министр Догдургүл Кендирбаевага айтканын билдирди. Мугалимдерди көчөдөгү эл арасынан тандоону, ошол эле мурдагы журналисттерди, жакшы айлыкка 50-60 миң сомго чакырса келээрин белгиледи.

-Мен ишимдин биринчи айларында, кайсы бир мектепке барсам, директорлору “бу жерде чатырдан суу агып жатат, бул жерге корпус түшсө жакшы болот эле “дешет, аларына түкүрдүм, мага десең сарайда оку, мени мугалим менен окуучу кызыктырат, мени имаратыңар, кирпичтериңер кызыктырбайт. Мектеп, билим берүү жагында курулуштар курулуп жатат. 800 дөн ашык мектеп куруп салышты айыл жергесинде, анын баары бош. Биздин мектептер эчтекеге жарабайт. Бул ачуу чындык. Биздин депутаттар бизде советтик мектеп дешет, андан бери 30 жыл өттү, кайсы советтик мектеп? Андан эчтеке калган жок. Ар бир үч жылда баары өзгөрүп турушу керек. Ар бир өлкөдө ар бир үч жылы баарын кайра карап чыгыш керек. Азыр болсо, мыкты деген мектептер да — баары кризисте. 12 жылдык мектеп деген болуп жаткан иштердин ондон бир эле бөлүгү. Бизде 12 класс деген бар болчу, нөл классынан баштап, 11 класс болуп, 12 класс эле болчу. Андан башка баары өзгөрөт: окуу программалары, методология философиясы, мугалимдер өзгөрүш керек, -деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов агартуу министри Догдургүл Кендирбаевага “алсыз звено” болгон мугалимдердин 15-20 пайызын аныктап, аларды кууп чыккыла деп айтканын билдирди:    

-Мен министр Кендирбаева менен кечээ жолугуп сүйлөштүм, мейли аттестация кылабы, баа коебу, эң алсыз звено катары 15-20 пайыздан ашык мугалимдерди аныктап, аларды кууп чыккыла деп айттым. Ооба, мугалимдер жетишпей жатат, бирок биз көчөдөн эл арасынан тандап, ошол эле мурдагы журналисттерди, эң жакшы айлыкка чакырабыз. 50-60 миң сомго келишет алар. Ал эми жакшы мугалим миңдеген адамдарга канат байлатат. Жаман мугалим жакшы окуучунан да канатын кыркып, сындырып, бузуп салат, -деп айтты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Сүрөт: Видео маектешүү учурунан.   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты