«Байрактар» учкучсуз учактарын колдонуу менен Ысык-Көлдө машыгуу өтүүдө
- 3 года мурун
Бүгүн, 31-мартта Ысык-Көл облусунда «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө.
Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.
Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, коргоо министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.
Машыгуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу УКМКнын чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган.