Кыргызстанга «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары алынып келинди (сүрөт)

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматына учкучсуз учуучу «Байрактар» аппараты келип түштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, жаңы келген техниканы көрүп чыкты.

«Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан Түркиядан «Байрактарды» алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан.

“Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орточо бийиктикте, узак убакыт уча ала турган, Түркияда жасалуучу учкучсуз аппарат.

Кыргызстанга "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары алынып келинди (сүрөт)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты