«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов эки айга камалды

  • 2 года мурун

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 10-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында Ураимовдун бошотулушун талап кылган акция өткөн.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалган.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты