Укук коргоочу Азиза Абдирасулова чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгонун ырастады

  • 1 год мурун

“Кылым шамы” уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгисиз адамдардын келип түшкөн чалуулары, коркутуулар жана интернеттеги мазактоолордон улам Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткендигин ырастады. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирген.

«Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуулар, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алганмын, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, «курултайга чакырылган» дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, почта, электрондук почталарыбызды текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир», — дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 21-декабрда үчүнчү Элдик курултайда өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жана «Кылым шамы» уюму тууралуу сын-пикир айткан эле.

«Азиза Абдрасулованын “Кылым шамы” уюму 2018-жылы Вашингтондон (АКШ) 8 миллион 586 миң 844 сом алган. 2018-жылдан бери уюм жалпысынан 21 миллион 168 миң 608 сом алган. Мен билишимче, “Кылым шамы” уюмунда апасы менен кызынан башка эч ким жок. Апасы пенсияга чыгып, кызына өткөрүп берген. Мына, НПОлордун кылгандары. Бул акчалардын отчетун эптеп-септеп, оюна келген цифраларды жазып туруп, “мына, биз муну кылып атабыз, тигини кылып атабыз деп отчет кожоюндарына отчет жөнөтүп коюшат. Кожоюндары “жакшы иш кылып жатат экен” деп буларга ишенип отурушат. Бул жактан кылган иштери болсо жалаң жалган маалымат таратмай, жамандык издемей, бирөөнүн аброюна далилсиз шек келтирмей. Анан алар сотко берсе, сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып чыгышат», — деген Садыр Жапаров.

Буга чейин укук коргоочунун үйүнүн алдында белгисиз адамдар тараптан коркутуулар болуп, өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты