Азия оюндары: Денис Петрашов күмүш медаль жеңди

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.

Спортсмен алгачкы жарышта 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду камсыздаган.

Финалдык жарышта Денис Петрашов 200 метр аралыкты 2:08.67 убакытта сүзүп өттү.

Спортчу экинчи орунду ээлеп,Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

Буга чейин Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча (аралаш таймаш) Кыргызстандын спортчулар Дастан Каныбек уулу жана Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду. Андан кийин кыргызстандык спортчу Ырыскелди Дүйшеев коло медалды жеңип алган.

Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу бар.

Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты